www
20 апрель
Ысык-Көлдө «Улуулукка мамиле» руханий кербени өтөт
Ысык-Көлдө 27–28-апрель күндөрү улуттук рухту ойготуп, улуулукка болгон мамилени даңазалаган өзгөчө руханий кербен — «Улуулукка мамиле» иш-чарасы өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.
Иш-чара кыргыз элинин бай тарыхын, каада-салттарын жана руханий мурасын кеңири жайылтууну көздөйт.
Рууханий кербен Ысык-Көл облусунун 2 шаары жана 5 районун камтып, кеңири маданий программа менен өтөт.
Иш-чаралардын алкагында көрүүчүлөрдү таасирдүү жолугушуулар, Манас айтуу, маданий көрсөтүүлөр жана мазмундуу баарлашуулар күтөт.
