Бишкекте Х эл аралык «ART-ORDO-2025» театр фестивалы өтөт
Бишкекте 20-25-октябрь күндөрү Х эл аралык «ART-ORDO-2025» театр фестивалы өтөт.
Иш-чара Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 80 жылдыгына, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, драматург Мар Байжиевдин 90 жылдыгына карата уюштурулууда.
Фестивалга Кыргызстан, Россия, Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандан 10 театр катышат.
Иш-чаранын расмий ачылышы 20-октябрда Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өтөт.
