“Манас” эпосу түрк тилинде жарык көрдү
Бишкекте бүгүн “Манас” эпосунун түрк тилинде чыккан 3 томдугунун бет ачары болуп өттү. Бул тууралуу "Манас" Улуттук академиясынан билдиришти.
Китеп Сагынбай Орозбаковдун вариантындагы 180 миң ыр сабынан турган академиялык басылма түрк тилинде тилинде жарык көрүп түрк тилдүү окурмандарга сунушталып, кыргыз-түрк маданий алакасын дагыда бекемдеген чоң кадам болуп калды.
Иш-чарага КР президентинин кеңешчиси, КР эл жазуучусу Чолпонбек Абыкеев, Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Мекин Мустафа Кемал Өкем, КР Баатырлары Миталип Мамытов, Алиясбек Алымкулов, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору Алпаслан Жейлан, Тил комиссиясынын төрагасы Мелис Мураталиев, академиктер Абдыганы Эркебаев, Асанкадыр Жунушев, КР эл артисти, манасчы Рысбай Исаков, “Манас” улуттук академиясынын президенти Азиз Биймырза уулу, “Манас” театрынын директору Нурбек Талантбеков жана башка белгилүү илимпоздор катышты.
Китептин түздөн-түз которулушуна катышкан Ч.Айтматов атындагы тил жана адабият институтунун директору Абдылдажан Акматалиев эпостун мазмуну, чыгарылыш тарыхы жана мурда жарыяланбаган эпизоддор тууралуу маалымат берип, бул эмгек дүйнө жүзүндөгү түрк тилдүү окурмандар үчүн чоң табылга экенин белгиледи.
