Бишкекте кыргыз тилинде тартылган анимациялык мультсериалдардын бет ачары өттү
28 февраль

Бишкекте кыргыз тилинде тартылган анимациялык мультсериалдардын бет ачары өттү

Бишкекте күн мурун, 27-февралда “Амантай менен Айтуяк” жана “Быйтыктар” аттуу кыргыз тилиндеги анимациялык мультсериалдардын бет ачар аземи болду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, алгач уюштуруучулар аземге келген кичинекей конокторду ата-энелери менен бирге тосуп алып, аниматорлордун коштоосунда оюн-зоок (аквагримм, инсталаб; кенди-бар) өткөрүштү.

Иш-чарага жаңыдан дайындалган маданият министри Мирбек Мамбеталиев, билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева, “Карек” балдар кино фондусунун негиздөөчүсү, анимациялык долбоорлордун көркөм жетекчиси Айбек Дайырбековдун катышып, сөз сүйлөштү.

Иш-чаранын аягында “Амантай менен Айтуяк” жана “Быйтыктар” анимациялык тасмалары жөнүндө кыскача видео-баяндама, “Быйтыктар” анимациялык тасмасынын 2 сериясы, “Амантай менен Айтуяк” анимациялык тасмасынын 2 сериясы көрсөтүлдү.

Белгилей кетсек, аталган тасмалар Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен тартылган.