М.В. Фрунзе мемориалдык үй-музейинин 100-жылдыгына арналган көргөзмө ачылат  
29 октябрь

М.В. Фрунзе мемориалдык үй-музейинин 100-жылдыгына арналган көргөзмө ачылат  

Кыргызстандагы алгачкы музей болгон М.В. Фрунзенин Мемориалдык үй-музейинин 100-жылдыгын белгилөө максатында, 2025-жылдын 4-ноябрында саат 11:00дө «Палех көркөм искусствосундагы М.В. Фрунзенин келбети» аттуу уникалдуу көргөзмөнүн ачылышы болот.

Өтүүчү дарек: М.В. Фрунзе Мемориалдык үй-музейи, Бишкек ш., Фрунзе көчөсү, 364.

Көргөзмөдө Палех чеберлеринин орус кол өнөрчүлүктүн эң мыкты ыкма бири болгон Палех миниатюралык көркөм сүрөт салттуу ыкмасын колдонгон 14 иллюстрациясынын бөтөнчө сериясы көрсөтүлөт. Байыркы орус икона жазуу салтынан келип чыккан Палех мектеби өзүнүн таза ыкмасы, экспрессивдүү сызыктары жана жандуу кол өнөрчүлүк менен белгилүү.

Иш-чара Иваново облусунун РУСО бөлүмү жана Иваново шаарындагы Тарых жана жергиликтүү таануу музейи менен өнөктөштүктө уюштурулуп, сүрөттөрдүн санарип көчүрмөлөрү жогорку сапатта берилет.

  • Көргөзмөгө кирүү акысыз.
  • Instagram: Frunzemuseum_kg