Бишкекте кыргыз-казак жаштар форуму өтөт
20 август

Бишкекте кыргыз-казак жаштар форуму өтөт

Бишкекте 21-августта Технопаркта кыргыз-казак жаштар форуму өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирет. 

Форум Кыргызстандын жана Казакстандын жаштарынын ортосундагы маалыматтык технологиялардын өнүгүүсүнө жана санариптик өз ара аракеттенишүүсүнө арналат.

Форумдун максаты – Кыргызстан менен Казакстандын жаштарынын ортосундагы достукту жана кызматташтыкты бекемдөө, IT, стартаптар, санариптик ишкердик жана инновациялар тармагында тажрыйба алмашуу.

Форумдун программасында:

  • IT индустриясынын жана EdTech долбоорлорунун лидерлери менен панелдик сессиялар --Инновациялык AI-стартаптардын питчинги;
  • Инвесторлор, эксперттер жана болочок өнөктөштөр менен баарлашуу;
  • Технопарктагы IT-Hub заманбап мейкиндикте кофе-брейк жана нетворкинг;

Форумдун темалары:

  • Жаңы муундагы AI-стартаптар: идеядан глобалдык рынокко чейин;
  • EdTech-долбоорлору жана билим берүүдөгү жаңы чакырыктар;
  • Кыргызстан менен Казакстандын мыкты командалары катышкан «AI NEXT» стартаптардын питчинги

Бул форум өнөктөштөрдү, инвесторлорду жана идеялаштарды табууга, ошондой эле ийгилик тарыхтарынан шыктанууга мыкты мүмкүнчүлүк болот.