Манас шаарында эл аралык китеп фестивалы өтөт
20 апрель

Манас шаарында эл аралык китеп фестивалы өтөт

Жалал-Абад облусунун Манас шаарында 23-24-апрель күндөрү жыл сайын өткөрүлүп келе жаткан эл аралык “XVII КИТЕП FEST – 2026” китеп фестивалы уюштурулат. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.

Бул ири маданий иш-чара Жалал-Абад облустук китепканасынын 100 жылдык мааракесине арналат.

Фестивалдын негизги максаты – улуттук китеп басып чыгаруунун жетишкендиктерин кеңири жайылтуу, басмаканалар ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо жана коомдо китеп окуу маданиятын өнүктүрүү.

Фестивалга Россия, Казакстан, Өзбекстан өлкөлөрүнөн акын-жазуучулар, басмаканалардын өкүлдөрү, ошондой эле маданият жана адабият чөйрөсүнүн ишмерлери катышат. Мындан тышкары, Кыргызстандын бардык аймактарынан – республикалык, облустук, райондук, шаардык жана айылдык китепканалардын өкүлдөрү да катышат.

Иш-чаранын алкагында китеп көргөзмөлөрү,белгилүү акын-жазуучулар менен жолугушуулар, концерттик программалар, адабий конкурстар, театрлаштырылган оюн-зооктор, китеп окууну жайылткан интерактивдүү иш-чаралар уюштурулат

Ошондой эле китеп жумалыгынын алкагында республика боюнча бардык деңгээлдеги китепканаларда параллелдүү түрдө китеп фестивалдары жана маданий иш-чаралар өткөрүлөт.