
Кыргыз туроператорлору Париждеги эл аралык туристтик көргөзмөгө катышты
Кыргыз туроператорлору Париждеги France IFTM-2024 эл аралык туристтик көргөзмөсүнө катышты. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, көргөзмө 17-19-сентябрь күндөрү өтүп, анда дүйнөлүк туристтик рыноктун алдыңкы катышуучулары өз продукцияларын жана кызматтарын сунушташууда.
Бул абройлуу иш-чарага Кыргыз Республикасынан келген делегация катышууда, анын курамында туристтик компаниялардын өкүлдөрү жана «Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду» ААКсынын өкүлдөрү бар.
Делегацияны Кыргыз Республикасындагы «Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду» ААКсынын президенти Кудрет Тайчабаров баштап келген, аны менен бирге фонддун кызматкерлери жана «Asia Expedition», «Ak-Sai Travel», «Inspiro Travel LLC», «Economad» сыяктуу туристтик компаниялардын өкүлдөрү катышууда. Кыргызстандын стендинин ачылыш аземи Кыргыз Республикасынын Франциядагы Элчиси Садык Шер-Нияз, фонддун өкүлдөрү жана делегациянын башка мүчөлөрү катышуусунда өттү.
Көргөзмөнүн алкагында кыргыз делегациясы өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн жайылтуу максатында бир катар жолугушууларды жана сүйлөшүүлөрдү уюштурду. Айрыкча кыргыз жана француз туроператорлорунун ортосундагы өнөктөштүктү түзүү максатында В2В форматындагы жолугушууларга өзгөчө көңүл бурулду.
Көргөзмөнүн биринчи күнүндө француз туристтик компанияларынын өкүлдөрү менен өткөрүлгөн жолугушууларда Кыргызстанга чоң кызыгуу көрсөтүлдү жана алар өлкөгө келип, кыргыз өнөктөштөрү менен кызматташууну орнотуу мүмкүнчүлүктөрүн изилдөөгө даяр экенин билдиришти.
Кыргызстандын мындай маанилүү эл аралык көргөзмөгө катышуусу «Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду» ААКсынын активдүү колдоосу жана Кыргыз Республикасынын Франциядагы элчилигинин жардамы менен мүмкүн болду.