Бишкекте Шавкат Мирзиёев тууралуу жазылган китептин кыргыз тилиндеги басылышынын бет ачары өттү
Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада 21-июлда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев тууралуу дүйнөлүк деңгээлде таанылган «Жаңы Өзбекстан: Шавкат Мирзиёевдин жолу» (New Uzbekistan: The Way of Shavkat Mirziyoyev) аттуу китептин кыргыз тилиндеги басылышынын бет ачар аземи өттү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.
Иш-чарага Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев, маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Салкын Сарнагоева, Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Дүйшөнкул Чотонов, Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Саидикрам Ниязходжаев, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын илимий жана чыгармачыл интеллигенциясынын өкүлдөрү катышып, куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.
Өз сөздөрүндө баяндамачылар акыркы жылдары Өзбекстанда жүргүзүлүп жаткан реформалардын маанисине токтолуп, китептин илимий жана аналитикалык баалуулугун белгилешти. Ошондой эле басылманын кыргыз тилинде жарык көрүшү Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыкты тереңдетүүгө, эки элдин руханий жана интеллектуалдык байланыштарын чыңдоого өбөлгө түзөрүн белгилешти.
Аталган китеп Өзбекстан Республикасынын акыркы жылдардагы коомдук-саясий жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүн, мамлекеттик башкаруу системасында жүргүзүлгөн реформаларды, өлкөнүн стратегиялык өнүгүү багыттарын жана эл аралык кызматташтыктагы жаңы мамилелерин кеңири талдоого алган эл аралык илимий-аналитикалык эмгек болуп саналат.
Буга чейин дүйнөлүк саясий аренада чоң кызыгууну жараткан бул китептин англис, араб, орус жана башка тилдердеги басылыштары дүйнөнүн эң абройлуу эл аралык аянтчаларында тааныштырылган. Анын бет ачарлары АКШнын Вашингтон шаарында, АКШ Конгрессинин китепканасында жана алдыңкы аналитикалык борборлордо өткөрүлүп, кеңири талкууланган. Европада китеп Женева шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмунун Тынчтык сарайында расмий сунушталган. Ал эми Азияда Пакистандын Исламабад шаарында жана Түркияда илимий коомчулук тарабынан заманбап саясий өнүгүүнү чагылдырган маанилүү эмгек катары жогору бааланган.
Китеп заманбап Өзбекстандын жаңы өнүгүү баскычына өтүү жолун, өлкөдө ишке ашырылган реформалардын мазмунун жана Борбордук Азиядагы геосаясий өзгөрүүлөрдү терең түшүнүүнү каалаган саясат таануучулар, дипломаттар, илимий кызматкерлер, студенттер жана кеңири окурмандар үчүн баалуу маалымат булагы жана практикалык колдонмо болуп саналат.
