Ош шаарында Мамлекеттик тил күнү белгиленди
Бүгүн, 23-сентябрда Ош шаарындагы В. Терешкова атындагы мектепте Мамлекеттик тил күнү белгиленди. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Салтанат Аманова, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары, окуу жайлардын жана мектептердин жамааты катышты.
Иш-чарада мамлекеттик тилдин маанилүүлүгү белгиленип, акыркы учурда бул багытта жүргүзүлгөн алгылыктуу иштер айтылды. Ошондой эле кыргыз тилинин өнүгүшүнө салым кошкон мугалимдер жана билим берүү мекемелери Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары жана акчалай сыйлыктары менен сыйланышты.
Саамалык улуттук кийим, тамак-аш жарманкеси жана сүрөт көргөзмөсү менен коштолду.
