"Мөлмөл" эл аспаптар оркестри Индиянын IX эл аралык "Рамаяна" фестивалынын лауреаты болду
Т. Тыныбеков атындагы Жалал-Абад облустук филармониясынын “Мөлмөл” эл аспаптар оркестринин 12 кишиден турган курамы 2025-жылдын октябрында Индияда өткөн элдик фольклордук аспаптардын IX эл аралык “Рамаяна” фестивалына катышып, ийгиликтүү кайтып келди. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.
Фестиваль Индия өкмөтүнүн демилгеси менен уюштурулуп, Дели, Чандигарх жана Дехра-Дун шаарларында жогорку деңгээлде өткөрүлдү.
Бул иш-чарага Израиль, Армения, Лаос, Индонезия, Мальдивы жана башка 13 мамлекеттен фольклордук музыкалык топтор катышты.
Кыргыз өнөрпоздору фестивалда кыргыздын улуттук ыр-күүлөрүн жана “Танцор Диско” фильминдеги “Горо Ки На Кало Ки” чыгармасын аткарып, көрүүчүлөрдүн өзгөчө сүймөнчүлүгүнө ээ болушту.
Фестиваль сынак эмес, элдик музыкалык мурастарды даңазалоого багытталган иш-чара болуп, бардык катышуучуларга сертификаттар тапшырылды. Натыйжада “Мөлмөл” эл аспаптар оркестри фестивалдын лауреаты деген наамга ээ болду.
