Качкын, Бейиш 2. Стамбулда Кыргыз кино күндөрү
Ушул жылдын 24–26-март күндөрү Түркиянын Стамбул шаарында жайгашкан «Atlas» кинотеатрында Кыргыз кино күндөрү өткөрүлөт. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирет.
Аталган иш-чара кыргыз кинематографиясын эл аралык деңгээлде таанытуу, маданий кызматташтыкты кеңейтүү жана түрк көрүүчүлөрүн заманбап кыргыз кино өнөрү менен тааныштыруу максатында уюштурулууда.
Кыргыз кино күндөрүнүн алкагында белгилүү кыргыз режиссёрлорунун көркөм тасмалары көрсөтүлөт.
Атап айтканда, режиссёр Актан Арым Кубаттын «Кара Кызыл Сары», режиссёр Дастан Жапар уулунун «Качкын», ошондой эле режиссёр Руслан Акундун «Бейиш 2» аттуу тасмалары көрүүчүлөргө сунушталат.
Көрсөтүлө турган фильмдерде кыргыз коомунун турмушу, адам тагдыры, улуттук маданий баалуулуктар жана заманбап социалдык маселелер көркөм чагылдырылып, эл аралык аудиторияга кыргыз киносунун өзгөчө стили жана мазмуну тааныштырылат.
Кыргыз кино күндөрү эки өлкөнүн ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана кыргыз кино өнөрүн чет өлкөлөрдө жайылтууга багытталган маанилүү маданий иш-чара болуп саналат.
