Куурчак театрында жаңы  дем: ДЕМ: 87-сезондун ачылышы
5 октябрь

Куурчак театрында жаңы  дем: ДЕМ: 87-сезондун ачылышы

Бүгүн, 2025-жылдын 4-октябрында, М. Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театрынын 87-театрдык сезонунун салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Бул маанилүү маданий иш-чара театр сүйүүчүлөр үчүн өзгөчө окуя болуп, жаңы чыгармачылык жылынын башталышы менен коштолду.

Жаңы сезон “Саламатсызбы” аттуу мамлекеттик тилдеги спектакли менен ачылды. Бул чыгарма режиссёр Б. Ходыревдин коюумунда сахналаштырылды. Ошондой эле, Л. Горохованын режиссурасында даярдалган “Алиса в стране чудес” расмий тилиндеги спектакли көрүүчүлөрдүн назарына тартууланды.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин Искусство жана билим берүү башкармалыгынын башчысы Акжол Доранбек уулу да катышып, театр жамаатын жаңы чыгармачылык жылдын башталышы менен куттуктады.

Куурчак театры — өзүнүн бай тарыхы жана терең маданий салттары менен Кыргызстандын маданий жашоосунда өзгөчө орунду ээлеген өнөр. Балдардын жана чоңдордун сүймөнчүгүнө айланган бул театр чыгармачылык дарамети аркылуу коомубуздун руханий дүйнөсүн байытып келет.