Актан Арым Кубаттын тасмасы Шанхай эл аралык кинофестивалында жеңүүчү аталды
Кыргыз режиссеру Актан Арым Кубаттын "Кара Кызыл Сары" аттуу көркөм тасмасы XXVII Шанхай эл аралык кинофестивалында “Эң мыкты тасма" сыйлыгын жеңип алды.
Сыйлыкты 22-июндагы жабылыш аземинде калыстар тобунун төрагасы, белгилүү италиялык режиссер жана "Оскардын" ээси Жузеппе Торнаторе тапшырды.
Арым Кубат жеңишти жаңы төрөлгөн небересине арнады.
Тасманын сценарийи жазуучу Т.Шайдуллаеванын аңгемелеринин негизинде жазылып, “Кыргызфильм" улуттук киностудиясында тартылган. Ал эми тартуу иштери Баткен облусунда жүргүзүлгөн.
