Кыргыз жаш көрүүчүлөр театры Россиядагы эл аралык фестивалга катышат
Кыргыз мамлекеттик Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театры Россиянын Разянь жана Петрозаводск шаарында өтүүчү "Рязанские смотрины" аталыштагы ХХ Эл аралык театралдык эки чоң фестивалга катышат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар министрлигинен кабарлашты.
Фестиваль 2025-жылдын 14-19- сентябрь күндөрү өтөт.
Кыргызстандык артисттер КР эл жазуучусу драматург, К.Иманалиевдин "Үмүт" жана Э.Шмидтин "Письмо Самолётик" аттуу спектаклдери менен катышат.
Эл аралык театралдык фестивалга катышып жаткан "Үмүт" спектакли буга чейин Өзбекстан, Казакстан, мамлекеттеринде өткөрүлгөн Евразиялык l эл аралык театралдык фестивалдарга көп катышып көптөгөн ийгиликтерди жаратып келген.
Белгилей кетсек, "Yмүт" спектакли 2024-жылы 27-мартта Москва шаарында өткөрүлгөн "M@RT контак" Vll эл аралык театралдык жаштар форумуна катышып, спектаклде башкы ролду ойногон КР эл артисти Н. Мамбетова Аялдын ролун эң мыкты аткаргандыгы үчүн, " Эң мыкты сенография" номинациясын алган.
Ал эми "Письмо Самолётик" спектакли 2021-жылы Өзбекстанда өткөн фестивалга 2023- жылы Москва шаарындагы Чехов атындагы V эл аралык театралдык фестивалына катышып ийгиликтерди жараткан . 2025- жылы Екатеринбург ТЮЗ театрынын чоң залында коюлган.
