Кыргызстан менен Греция маданий кызматташууну чыңдоодо
8 ноябрь

Кыргызстан менен Греция маданий кызматташууну чыңдоодо

2025-жылдын 7-ноябрында Самарканд шаарында өтүп жаткан ЮНЕСКОнун Башкы конференциясынын 43-сессиясынын алкагында Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Грек Республикасынын маданият министри Лина Мендони менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар маданий-гуманитардык кызматташууну өнүктүрүү, маданий мурастарды коргоо, музей иши жана чыгармачыл индустрия тармагындагы тажрыйба алмашуу маселелерин талкуулашты. Ошондой эле маданий алмашуу, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана көргөзмөлөрдү уюштуруу мүмкүнчүлүктөрүнө өзгөчө көңүл бурулду.

Министр Мирбек Мамбеталиев грек тарапты Кыргызстанда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга чакырып, бул иш-чара элдердин материалдык эмес маданий мурасын жайылтуу жана маданияттар аралык диалогду чыңдоо үчүн маанилүү эл аралык аянтча экенин белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар маданий тармактагы эки тараптуу кызматташууну мындан ары да өнүктүрүүгө жана Кыргызстан менен Греция элдеринин ортосундагы достук мамилелерди тереңдетүүгө даяр экенин билдиришти.