
Бишкекте Сталбек Алмасбековду эскерүү кечеси өтөт
Бишкекте КР Эл артисти Сталбек Алмасбековго арналган музыкалык кече өтөт. Иш-чара Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында өтөт. Башталышы саат 19:00дө. Бул тууралуу театрдан кабарлашты.
Иш-чара көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө айланган "Малахит залындагы музыкалык кечелердин" алкагында өтөт жана Сталбек Алмасбековдун туулган күнүнө карата өткөрүлөт.
Сталбек Алмаcбеков музыка сүйүүчүлөрүнө опера ырчысы катары таанымал. Ал көптөгөн эл аралык опера фестивалдарынын катышуучусу жана бир нече жолу КМШ өлкөлөрүндө жана чет өлкөлөрдө гастролдо болуп келген.