Кыргыз-корей достугунун балет кечеси өтөт
4 октябрь

Кыргыз-корей достугунун балет кечеси өтөт

А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында 11-октябрь саат 18:00до кыргыз-корей достугунун балет кечеси өтөт.

Бул майрамдык балет кечеси Сеул шаардык кеңеши каржылаган эл аралык маданий программанын алкагында өтөт. Иш-чараны «Korea Ballet Stars» менен Кыргызстандын опера жана балет театры биргеликте уюштурууда.

Кечеде:

• Дүйнөлүк классиканын мыкты чыгармалары,

• Кыргыз жана корей хореографтарынын автордук коюлмалары,

• Европалык режиссёрлордун заманбап эмгектери көрсөтүлөт.

Театр концертти уюштурууга көмөк көрсөткөн бардык өнөктөштөргө ыраазычылык билдирет.