Жалал-Абадда Эгемендүүлүктүн 34 жылдыгы салтанаттуу белгиленүүдө
Быйыл Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 34 жылдыгы Жалал-Абад шаарында белгиленүүдө.
Маданият министрлигинен кабарлашкандай, анын алкагында, бир катар кароо сынактар, азык-түлүк, кол-өнөрчүлүк жарманкелери, сүрөт көргөзмөлөрү өтүүдө.
Салтанаттын алкагында "Эң мыкты кыргыз боз үй" сынагы өтүп, ага 6 облустан жана 2 шаардан катышуучулар келген.
Ар бир тигилген боз үй калыстар тобунун сынына коюлду. Алар боз үйдүн ички жана сырткы жасалгаланышына, нукуралуулугуна, салттуу элементтердин сакталышына басым жасап, баалоо жүргүзүшөт.
Сынактын калыстыгын камсыздоо үчүн тарыхчылар, этнографтар жана ар тармактагы адис тандалып алынган. Калыстар тобунун төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өкүлү Октябрь Капалбаев.
