Бишкекте Түрк кино күндөрү башталды
Бишкектеги «Ала-Тоо» кинотеатрында 3-июнда «Кыргызстан – Түрк кино күндөрү» эл аралык кино иш-чарасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирет.
Салтанат кызыл килем аземи менен башталып, ага түрк кино өкүлдөрү, кыргызстандык кинематографисттер, маданият өкүлдөрү жана кино сүйүүчүлөр катышты.
Ачылыш аземинде Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков сөз сүйлөп, Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы маданий байланыштардын маанисине токтолду.
Ошондой эле Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин Кино башкармалыгынын башкы директору Бирол Гювен сөз сүйлөп, мындай маданий долбоорлор эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты бекемдей турганын белгиледи.
Эскерте кетсек, түрк кино күндөрү 7-июньга чейин уланат.
