«Көчө театрынын искусствосу»: жаңы ыкмаларды жана дүйнөлүк тенденцияларын изилдөө
16 октябрь

«Көчө театрынын искусствосу»: жаңы ыкмаларды жана дүйнөлүк тенденцияларын изилдөө

2025-жылдын 21-22-октябрь күндөрү саат 11:00дөн 14:00гө чейин Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында «Көчө театрынын искусствосу» аттуу Эл аралык театралдык мастер-класс өтөт.

Иш-чаранын максаты – көчө театрынын заманбап ыкмаларын жана дүйнөлүк тенденцияларын изилдеп, Кыргызстандын чыгармачыл жаштарына жаңы тажрыйба берүү. Мастер-классты «Сегизинчи күн театрынын» негиздөөчүлөрүнүн бири, актер жана режиссёр Адам Боровски, ошондой эле маданият таануучу Йоланта Килиандар өткөрөт.

Катышуучуларга көчө театрынын уюштурулушу, сахна кыймылы, көрүүчүлөр менен түз байланыш жана жандуу перформанстар тууралуу практикалык жана теориялык сабактар берилет. Иш-чара театр адистерин, режиссёрлорду жана маданий уюмдардын өкүлдөрүн катышууга чакырат. Мастер-класстын максаты маданий кызматташтыкты чыңдап, театр искусствосунун коомдогу маанисин жогорулатуу.