КР Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциядагы текстинин музыкасына жарыяланган сынк талкууланды
2025-жылдын 6-августунда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциядагы текстинин жана музыкасынын мыкты долбоорлорун тандоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы М.М. Иманкулов Кыргыз Республикасынын композиторлору, обончулары жана музыка ишмерлери менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө 1-этаптын жыйынтыгы менен тандалып алынган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциядагы текстинин 5 мыкты долбооруна музыкалык чыгарма жаратууга сынак жарыялангандыгы тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле бул сынакка композиторлор, музыканттар, ырчылар, ошондой эле музыкалык чыгармачыл жамааттар, студиялар, союздар жана башка уюмдар – курамы 5 адамдан ашпаган топтор катыша алаары белгиленди.
Жолугушуунун катышуучулары өздөрүнүн суроолорун узатып, конкурстун 2-этабына коюлган талаптар жана уюштурууга тиешелүү маселелерди кызуу талкуулашты.
Сынакка катышуу үчүн өтүнмөгө төмөнкү документтер тиркелиши керек:
➢ Музыкалык чыгарманы музыкалык аспаптын коштоосунда же хор/оркестр менен вокалдык жана аспаптык аткаруудагы аудио же видеожазуу (USB-флеш-алып жүрүүчүдө);
➢ Гимн долбоорунун ноталык жазуусу (партитурасы) кагаз жүзүндө;
➢ Гимн долбоорунун тексти кагаз жүзүндө;
➢ Ар бир автордун жеке маалыматтарын иштеп чыгууга макулдугу.
Эске сала кетсек, Сынактын 2-этабына катышуу үчүн жарандар долбоорлордун кагаз жүзүндөгү вариантын 2025-жылдын 8-сентябрына чейин төмөнкү дарекке жөнөтүшү керек:
720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Пушкин көчөсү, 78.
Ал эми электрондук варианттары төмөнкү дарекке жөнөтүлөт: gimn.2025@minculture.gov.kg
Сынактын 2-этабы тууралуу Жобо жана катышуу үчүн тапшырылуучу документтердин формалары тиркелет.
_____________________
