Байге фонду 250 миң сом. Алымбек датка жөнүндө кыска метраждуу тарыхый видео-роликтерге сынак жарыяланды
Ош шаарынын 3025 жылдыгына карата жана Кокон Хандыгынын мамлекеттик ишмери Алымбек датка Асан бий уулунун 225 жылдыгына арналган “Алымбек датка Асан бий уулу” жөнүндө кыска метраждуу тарыхый видео-роликтерге сынак жарыяланды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан кабарлашты.
Сынактын максаты:
Кыргыз элинин XIX кылымдагы көрүнүктүү мамлекеттик ишмери, дипломат жана айкөл инсан Алымбек датканын тарыхый мурасын жаш муундарга таанытуу. Анын эл-жер үчүн жасаган эрдигин, акылмандыгын, эл аралык мамилелерди жөнгө салуудагы саясий чеберчилигин көркөм жана даректүү ыкмада чагылдыруу. Тарыхый баалуулуктарды сактап, улуттук аң-сезимди жана мекенчилдикти чыңдоо. Жаштарды улуттук баатырлардын өмүр жолу аркылуу тарбиялоо жана патриоттук рухту көтөрүү.
Видео-роликте төмөнкүлөр камтылышы керек
• Алымбек датканын өмүр баянын жана тарыхый ролун көрсөтүү;
• Тарыхый инсандын элге, мамлекетке кошкон салымын даңазалоо;
• Анын мамлекетти башкаруудагы акылмандыгын жана дипломатиялык өнөрүн көрсөтүү;
• Жаш муундарга тарыхый инсандын өрнөктүү өмүрүн үлгү кылуу;
• Элдин патриоттук рухун көтөрүү жана тарыхый мурастарды сактоого үндөө.
