Түштүк Кореянын Кванджуда шаарында «Семетей» спектакли көрсөтүлөт
11 сентябрь

Түштүк Кореянын Кванджуда шаарында «Семетей» спектакли көрсөтүлөт

КР маданият, маалымат, жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков Кореянын Маданият, спорт жана туризм министрлигинин Азия маданий борборунун продюсери Ким Чонвон жана Кёнбук окуу борборунун директору Сон Квон Сук менен жолугушту. 

Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, тараптар Кыргызстан менен Кореянын маданият жана искусство тармагындагы кызматташтыгынын динамикалуу өнүгүп жатканын белгилешти.

Ошондой эле, «Семетей» спектакли эки өлкөнүн ортосундагы жемиштүү маданий кызматташуунун символу катары көрсөтүлдү.

Эске салсак, 2024-жылдын октябрь айында Улуттук Азия маданият борборунда спектаклдин шоу-рулл-эскизи ийгиликтүү көрсөтүлүп, көрөрмандар менен адистерден жогорку баага татыган.

2025-жылы Борбордун 10 жылдык мааракесине карата «Семетей» спектаклинин премьералары 28–29-ноябрда Кванджуда (Түштүк Корея) жана 12–13-декабрда Бишкекте өтөт.

Бул иш-чара Кыргызстан менен Түштүк Кореянын ортосундагы маданий байланыштарды чыңдоого багытталган маанилүү кадам болуп саналат.