Бишкекте эл акыны Омор Султановдун 90 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чара өттү
7 ноябрь

Бишкекте эл акыны Омор Султановдун 90 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чара өттү

Бишкекте Кыргыз Республикасынын эл акыны, мамлекеттик жана коомдук ишмер, кыргыз поэзиясынын залкары – Омор Султановдун 90 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Иш-чарага мамлекеттик катчы Марат Иманкулов, маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, эл жазуучусу Кайрат Иманалиев, мамлекеттик жана коомдук ишмер, филология илимдеринин доктору Абдыганы Эркебаев, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эл акыны Акбар Рыскулов катышып, улуу акындын кыргыз адабиятына кошкон опол тоодой салымын баса белгилешип, куттуктоо сөздөрүн айтышты.

Жакындары Омор Султановдун чыгармачылыгы кыргыз поэзиясынын өнүгүшүнө, элдик руханий дүйнөнүн байышына жана жаңы муун акын-жазуучулардын калыптанышына чоң түрткү болгонун белгилешти.

Иш-чаранын алкагында көрүүчүлөргө сахналаштырылган пролог, акындын өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу даректүү тасма, ошондой эле концерттик программа көрсөтүлдү.

Салтанаттын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жана Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин атынан улуу акындын жаркын элесине арналган атайын гүл себет тартууланды.