Актриса Альбина Имашова Кыргыздрамдын көркөм жетекчиси болуп дайындалды
Актриса Альбина Имашова 18-августтан тартып штаттык ырааттамага ылайык, Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын көркөм жетекчиси кызмат ордуна эмгек келишимдин негизинде дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.
Альбина Имашованы театрдын жамаатына маданият министри Мирбек Мамбеталиев тааныштырып, жоопкерчиликтүү ишине ийгилик каалады.
Альбина Имашова 1983-жылы 6-июнда Ысык-Көл облусунун Тоң районунуна караштуу Бөкөнбаев айылында туулган.
- 2000-жылы Бөкөнбаев айылындагы Карл Маркс атындагы орто мектептин бүтүргөн.
- 2005-жылы Бишкек шаарындагы Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтун бүтүргөн.
- 2002-жылдан бери Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук Академиялык драма театрында эмгектенет.
- 2008-ж. Эл аралык Ысык-Көлд Шанхай ынтымакташтык Уюмунун кинофестивалында «Тенгри» фильминде «Аялдын ролун мыкты аткарганы" сыйлыкка татыган.
- 2009-ж. «Кыргыз киносунун отличниги» төш белгиси менен сыйланган.
- 2011-ж. Д.Куйукова атындагы сыйлыктын лауреаты.
- 2017-ж.КР Маданият, маалымат жана туризм министринин "Ардак граматасын" алган.
- 2018-ж. Кыргыз Республикасынын "Ардак грамотасынын" ээси.
- 2024-ж. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти наамына эгедер болгон.
