Сулайман-Тоодо алгачкы ачык сактоочу фонд ачылды
“Сулайман-Тоо" тарыхый-археологиялык музей комплексинде алгачкы ачык сактоочу фонд ачылды. Бул келүүчүлөргө мурда жеткиликсиз болгон коллекцияларды көрүүгө жана музейде сактоодо турган буюмдар менен таанышууга уникалдуу мүмкүнчүлүк.
Эми ар бир келген конок экспонаттарды жакындан көрүп, алардын тарыхы, сактоо ыкмалары, реставрация жана эсепке алуу жолдору менен таанышууга мүмкүнчүлүк алат.
Жаңы зонада 140 даана археологиялык буюм жайгаштырылган.
Мындан тышкары, интерактивдүү элементтер, экскурсиялар жана билим берүү программалары каралган. Алар музей кызматкерлеринин сактоочу, реставратор жана изилдөөчүлөрдүн кесиптерин тереңирээк түшүнүүгө жардам берет.
Ачык сактоочу фонд “Сулайман-Тоо” музей комплекси тарабынан өзүнүн каражатынын эсебинен ишке ашырылды.
