Бишкекте жаңы көп функционалдуу маданий борбордун пайдубалына капсула салынды
Бүгүн, 3-мартта Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги менен Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосу менен шаарда жаңы көп функционалдуу маданий борбордун пайдубалына капсула салуу аземи өттү.
Ачылыш аземине Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев катышты.
Мирбек Мамбеталиев куттук сөзүндө Министрлик менен Бишкек шаарынын мэриясынын ортосундагы тыгыз жана натыйжалуу кызматташтыкты өзгөчө белгилеп, жаңы борбор театралдык коюуларга, концерттерге, кино көрсөтүүлөргө, жаштар демилгелерине жана билим берүү программаларына кеңири аянтча болуп, чыгармачылыктын, диалогдун жана креативдүү индустриянын өнүгүүсүнө өбөлгө түзгөн маанилүү мейкиндикке айланарына ишенерин билдирди.
Белгилей кетсек, “Чатыр-Көл” кинотеатрынын эски имараты 2009-жылы министрликтин карамагында турган “Учур” мамлекеттик жаштар театрынын имараты катары бекитилген, бирок 2025-жылы авариялык абалда деп табылып, бузууга чечим чыгарылган. Андан соң имарат Бишкек шаарынын мэриясынын балансына өткөрүлүп, каражат бөлүнүп берилип, заманбап курулуштун башталышын камсыз кылды.
