“Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар” конкурсу боюнча жыйынтыктоочу өттү
15 октябрь

“Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар” конкурсу боюнча жыйынтыктоочу өттү

2025-жылдын 15-октябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинин конференц-залында “Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар” республикалык конкурсу боюнча конкурстук комиссиянын жыйынтыктоочу отуруму болуп өттү.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсаловдун төрагалыгында өттү. Ошондой эле аталган отурумда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев катышты.

Бул конкурс Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-декабрындагы №728 токтомунун негизинде ишке ашырылып, ар эки жыл сайын өткөрүлүп турат. Конкурстук комиссиянын курамы Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2025-жылдын 2-июнундагы №342 тескемеси менен бекитилген.

Жыйындын жүрүшүндө комиссия мүчөлөрү алдыга чыккан төрт шаар тарабынан даярдалган отчетторду угуп, жыйынтыктарды чыгаруу маселесин карашты.

Конкурстун жобосуна ылайык, жеңүүчүлөр төмөнкүдөй сыйлык фондусуна ээ болушат:

  • 1-орун – 3 млн сом,
  • 2-орун – 2 млн сом,
  • 3-орун – 1 млн сом.

Жалпы байге фонду 6 миллион сомду түзөт.

“Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар” конкурсу балдардын жана жаштардын ар тараптуу өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүүгө, алардын кызыкчылыктарын коргогон маселелерди чечүүгө жаштарды активдүү тартууга, ошондой эле шаарларда жаш муундар үчүн жагымдуу чөйрө түзүү боюнча ишмердүүлүктү стимулдаштырууга багытталган.