«Интервидение-2025» сынагында 2-орунду алган «Nomad» триосу Бишкекке кайтып келди
Москвада өткөн «Интервидение-2025» эл аралык музыкалык сынакта 2-орунду жеңип алган кыргызстандык «Nomad» триосу бүгүн, 22-сентябрда Бишкекке кайтып келди. Бул тууралуу Мааданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.
Маалыматка ылайык, аларды "Манас" эл аралык аэропортунан маданият министри Мирбек Мамбеталиев баштаган бир топ адамдар жылуу тосуп алышты.
Белгилей кетсек, «Nomad» трио Кыргызстандын намысын коргоп, 23 өлкөнүн ичинен экинчи орунду ээледи.
Сынактын түз эфириндеги көрсөтүүсү 23төн ашуун өлкөнү камтып, дүйнө жүзү боюнча миллиондогон көрүүчүлөрдү өзүнө тартты.
Кийинки «Интервидение-2026» сынагын өткөрүү укугу Сауд Аравиясына берилди.
