Бишкекте кыргыз-казак балдарынын биргелешкен концерти өттү
15 октябрь

Бишкекте кыргыз-казак балдарынын биргелешкен концерти өттү

Бишкек шаарында 14-октябрда “Сейтек” балдар жана өспүрүмдөр улуттук борбору менен А.Слезнев атындагы Алматы хореографиялык окуу жайынын биргелешкен концерти болуп өттү. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен кабарлашты. 

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева катышып, катышуучуларды ийгиликтүү концерт менен куттуктап, маданий байланыштардын маанилүүлүгүн белгиледи.

“Бийде, өнөрдө жана маданиятта чек жок. Бий аркылуу көрүүчүлөргө позитивдүү эмоция тартууланат”, - деди министр.

130 адамдан турган казакстандык делегацияны окуу жайдын директору Ая Калиева жетектеп келди.

Концертте Кыргызстандын “Шаттык” ансамбли жана Казакстандын окуу жайы классикалык, элдик жана заманбап бий номерлерин тартуулашты.

Иш-чара кыргыз-казак маданий достугунун белгиси катары жогорку деңгээлде өттү.