«Тирек: Аялдын өмүр жиби» дата-арт көргөзмөсү – өзгөрүүгө түрткү искусство
14 июль

«Тирек: Аялдын өмүр жиби» дата-арт көргөзмөсү – өзгөрүүгө түрткү искусство

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги «Тирек: Аялдын өмүр жиби» аттуу дата-арт көргөзмөсүнүн Улуттук тарых музейинде ачылганын маалымдайт. Бул – аялдардын коомдогу ордун искусство жана маалымат аркылуу чагылдырган маанилүү маданий окуя.

«Тирек» – таянуучу күч дегенди билдирет жана аялдардын социалдык кысым шартындагы туруктуулугун чагылдырат. Экспозицияда Борбордук Азия өлкөлөрүнөн тандалган 14 дата-арт эмгек коюлган. Алар визуалдык искусство менен гендердик статистиканы айкалыштырып, лидерлик, көрүнбөгөн эмгек, дискриминация, зомбулук жана энелердин өлүмү сыяктуу темаларды көтөрөт.

КР Маданият, маалфма жана жаштар саясаты минимтринин орун басары Гүлбара Абдыкалыкова өз сөзүндө төмөнкүлөрдү белгиледи:

«“Тирек” сыяктуу демилгелер инклюзивдүү жана аң-сезимдүү коомду калыптандырууга көмөктөшөт. Искусство аркылуу аялдардын үнү ачык жана ишенимдүү угулуп жатат».

Министрлик көргөзмөнүн уюштуруучуларына, сүрөтчүлөргө, менторлорго, кураторлорго, ошондой эле “БУУ-Аялдар түзүмүнө” жана анын расмий өкүлү Садик Сайедге бул долбоорду ишке ашырууга кошкон салымы үчүн терең ыраазычылык билдирет.

Көргөзмөнүн алкагында экскурсиялар, мастер-класстар, кино көрсөтүүлөр жана воркшоптор өткөрүлөт.