Орус драм театрынын түндүк кире беришинде жаңы пано пайда болот
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирет:
2023-жылы Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрынын имараты капиталдык оңдоого «Чүй облустук капиталдык курулуш башкармалыгына» өткөрүлүп берилген. Тендердин жыйынтыгында иштерди «Комфорт Строй» ЖЧКсы аткарууда.
Оңдоп-түзөөнүн сапатын көзөмөлдөө максатында театрда техникалык кеңеш түзүлгөн. 2025-жылдын 5-сентябрындагы жыйынында театрдын түндүк кире беришиндеги 1974-жылы орнотулган витраждык панонун абалы каралган. Шишкелердин сынышы, каркастын олуттуу бузулушу жана электр зымдарынын толук иштен чыгышына байланыштуу витражды демонтаждап, анын ордуна Ч. Айтматовго арналган жаңы панону жайгаштырууга даярдоо чечими кабыл алынган.
Учурда театрдын капиталдык оңдоп-түзөө иштери соңку баскычка жетти.
