Кыргызстандын делегациясы Антальяда өткөн көчмөндөрдүн Эл аралык фестивалына катышты
16 сентябрь

Кыргызстандын делегациясы Антальяда өткөн көчмөндөрдүн Эл аралык фестивалына катышты

Түркиянын Анталья шаарында Yörük Türkmen Festivali аталыштагы көчмөндөрдүн Эл аралык фестивалы өттү. Бул иш-чара 2022-жылдан бери жыл сайын көчмөн маданиятынын өкүлдөрүн бир аянтчага чогултуп келет. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Иш-чарага 20 өлкөнүн түрк элдери, атап айтканда, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Татарстан, Түркмөнстан, Азербайжан жана башкалардын өкүлдөрү катышты. 

Эл аралык фестивалга Кыргызстандын Анталья шаарындагы Башкы консулдугунун демилгеси менен кыргыз тараптан Чолпон-Ата шаарынын мэри Данияр Сатаров багында турган делегация катышты. Анын алкагында Чолпон-Ата жана Анталья шаарларынын ортосунда боордоштук байланыштарды орнотуу боюнча протоколго кол коюу аземи болуп өттү.

Фестивалда кыргыз боз үйлөрү, улуттук кийимдердин уникалдуу үлгүлөрү, ошондой эле кыргыз өнөрпоздорунун өнөрлөрү тартууланды.