Марат Тагаев Кыргызстандын ТҮРКСОЙдогу өкүлү болуп дайындалды
Маданият министрлиги
11 май

Марат Тагаев Кыргызстандын ТҮРКСОЙдогу өкүлү болуп дайындалды

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары кызматын аркалап келген Марат Тагаев өз арызынын негизинде ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Тиешелүү тескеме КР мыйзамдарына ылайык кабыл алынды.

Ошол эле учурда, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги жөнүндө” жобого, ошондой эле ТҮРКСОЙ Түрк маданиятынын эл аралык уюмунун түзүлүшү жана иштөө принциптери жөнүндө келишимдин 4-беренесине ылайык Тагаев Марат Төлөмүшович ТҮРКСОЙ эл аралык уюмундагы Кыргыз Республикасынын өкүлү болуп дайындалды.

Бул дайындоо түрк тилдүү мамлекеттер менен маданий-гуманитардык кызматташтыкты чыңдоого жана эл аралык маданий байланыштарды өнүктүрүүгө багытталган.

Белгилей кетсек, ТҮРКСОЙ (Түрк маданиятынын эл аралык уюму) — түрк тилдүү өлкөлөрдүн ортосунда маданий кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган эл аралык уюм.