Тарых музейине Абдыкерим Сыдыковго таандык баалуу тарыхый экспонат өткөрүп берилди
Кыргыз улуттук тарых музейинин фондусу кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөөчүлөрүнүн бири, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Абдыкерим Сыдыковго таандык баалуу тарыхый экспонат менен толукталды.
Бул тууралуу музейдин директору Назгүл Омурзакова Абдыкерим Сыдыковдун небереси Эрмек Сыдыков жана тарыхчы-окумуштуу, коомдук ишмер Зайнидин Курманов менен болгон жолугушууда маалымдады.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар улуттук тарыхый мурастарды сактоо, музей фондуларын байытуу, илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүү жана кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты.
Иш-чаранын алкагында Зайнидин Курманов музейдин илимий китепканасына өзүнүн эмгектерин жана тарыхый адабияттарды белекке тапшырды. Ал эми Эрмек Сыдыков музейдин фондусуна Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 100 жылдыгына карата Абдыкерим Сыдыковго ыйгарылган мааракелик медалды жана аны тастыктаган күбөлүктү өткөрүп берди.
Өз кезегинде музейдин директору Назгүл Омурзакова баалуу тарыхый экспонатты музейге өткөрүп берүү демилгеси улуттук тарыхты сактоо жана аны келечек муундарга жеткирүү багытындагы маанилүү салым экенин белгилеп, музей тарыхый мурастарды изилдөө, илимий-усулдук кызматташтыкты өнүктүрүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга ар дайым ачык экенин билдирди.
Жолугушуудан соң коноктор музейдин XX кылымдын 20–30-жылдарындагы Кыргызстандын тарыхына арналган туруктуу экспозициясы менен таанышышты.
