Ысык-Көлдө китепканалардын келечеги боюнча эл аралык конференция өтүүдө
3 октябрь

Ысык-Көлдө китепканалардын келечеги боюнча эл аралык конференция өтүүдө

Ысык-Көлдө «Заманбап китепкана — мамлекеттин стратегиялык ресурсу» аттуу эл аралык конференция башталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.

Иш-чарада китепканалардын коомдогу ордун санариптик доордо кайра аныктоо маселеси көтөрүлдү.

Иш-чараны маданият министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков ачып, китепканалардын билим жана технология борбору катары маанисин белгиледи.

Кыргызстан, КМШ жана жакынкы өлкөлөрдөн келген 150дөн ашуун китепканачылар, IT-адистер, мугалимдер жана маданият кызматкерлери үч күн ичинде төмөнкү темалар боюнча талкуу жүргүзүүдө:

• китепканалардын санариптик трансформациясы;

• жасалма интеллекттин колдонулушу;

• инновациялык IT-чечимдер;

• инклюзивдүү долбоорлор;

• руханий баалуулуктарды калыптандыруу.

Конференциянын жыйынтыгында сунуштар иштелип чыгып, китепкана тармагын өнүктүрүүгө багытталган резолюция кабыл алынат.