Кыргызстанда “Манас жана Мухтар Ауэзов” аттуу даректүү тасма тартылууда
3 октябрь

Кыргызстанда “Манас жана Мухтар Ауэзов” аттуу даректүү тасма тартылууда

Кыргызстанда “Манас жана Мухтар Ауэзов” аттуу даректүү тасма тартуу иштери баштады. Бул тууралуу “Манас” улуттук академиясынан кабарлашты. 

Учурда тартуу иштери Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жайгашкан белгилүү казак жазуучусу жана окумуштуусу Мухтар Ауэзовдун китепкана-музей-үйүндө жүрүп жатат.

Тасма улуу манасчылык өнөр менен Мухтар Ауэзовдун “Манас” эпосун изилдөө ишмердүүлүгүнө арналган.

Тасма эки элдин руханий мурастарын байланыштырып, жаш муунга баалуу маалыматтарды жеткирүүнү көздөйт.

Белгилей кетсек, тасманы “Манас” улуттук академиясынын “Айкөл” студиясы менен “Барсбек глобал” продакшн биргелешип тартууда.