K-POP бий сынагына катышуучуларды тандоо жарыяланды
14 июль

K-POP бий сынагына катышуучуларды тандоо жарыяланды

Сеул мэриясы Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте  "SEOUL WEEK 2025" алкагында өтө турган бий сынагына катышууга чакырат.

Сынактын финалы 2025-жылдын 28-июлунда саат 18:00дө А.Малдыбаев атындагы Кыргыз опера жана балет театрында өтөт. Бардык катышуучулар эстелик белектерге ээ болуп, алардын 10у финалга чыгат.

Финалдын жеңүүчүлөрү төмөнкү сыйлыктарга ээ болушат:

  • 1-орун – 300$;
  • 2-орун – 200$;
  • 3-орун – 100$.

Конкурстун шарттары:

  • K-pop стилинде бий видеосун тартуу керек (15-10 секунд);
  • Instagramга жүктөө;
  • @angelin.comm_ аккаунтун автор катары белгилөө;
  • хештегдерди  #seoulweek2025 #seoulmysoul #kpopdance #hallyu #lifestyle #kculture #서울의날 белгилеңиз.

Катышуучуларды каттоо 2025-жылдын 2-июнунан 17-июлуна чейин. Финалисттерди жарыялоо – 19-июль.