Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов 89 жаш курагында дүйнөдөн кайтты
Кыргыз маданияты жана адабияты оор жоготууга учурады.
2026-жылдын 14-мартында Кыргыз Республикасынын “Эмгек баатыры” жогорку наамынын ээси, II даражадагы «Манас» орденинин кавалери, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, белгилүү публицист жана коомдук ишмер Кеңеш Жусупов 89 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.
Кеңеш Жусупов 1937-жылы 14-апрелде Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Он-Арча айыл өкмөтүндөгү Эчки-Башы айылында төрөлгөн. Ал кыргыз адабиятынын өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон көрүнүктүү калемгерлердин бири болгон.
Маркум менен коштошуу зыйнаты 2026-жылдын 15-мартында саат 10:00дө Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өтөт.
Жаназа зыйнаты ошол эле күнү саат 09:00дө Бишкек шаары, Бакаев көчөсү №95/11 дарегинде өткөрүлөт.
