Чолпон-Атада ШКУга мүчө мамлекеттердин маданият министрлеринин 23-жыйыны өтүүдө
Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасынын Шанхай Кызматташтык Уюмундагы төрагалыгынын алкагында Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин маданият министрлеринин 23-жыйыны өтүүдө.
Жыйынга Беларусь Республикасынын, Индия Республикасынын, Иран Ислам Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кытай Эл Республикасынын, Пакистан Ислам Республикасынын, Россия Федерациясынын, Тажикстан Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын расмий делегацияларынын башчылары, ошондой эле Шанхай Кызматташтык Уюмунун Башкы катчысынын өкүлү катышууда.
Жыйынды ачкан Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев жыйын ШКУнун 25 жылдык мааракелик Саммитинин алдында өтүп жатканын белгилеп, анын маданий кызматташтыктын жыйынтыгын чыгарып, жаңы демилгелерди талкуулоо үчүн маанилүү аянтча экенин айтты.
Министр маданият ШКУ мейкиндигинде өз ара ишенимди, достукту жана гуманитардык кызматташтыкты бекемдеген негизги күч экенин белгиледи. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын төрагалыгы мезгилиндеги негизги жыйынтыктарга токтолуп, Чолпон-Ата шаарында өткөн эл аралык маданий иш-чаралар, маданий мурастарды сактоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жана археологиялык табылгалар тууралуу маалымат берди.
Жыйындын жүрүшүндө кыргыз тарап Бишкекте ШКУга мүчө мамлекеттердин Эл аралык театр фестивалын өткөрүү демилгесин сунуштап, ошондой эле кинематография тармагындагы копродукцияны кеңейтүүнүн жана маданий кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанисин белгиледи. Министр ошондой эле Чыңгыз Айтматов атындагы 40-жылдык Эл аралык Ысык-Көл форумунун ийгиликтүү өткөнүн белгилеп, анын дүйнөлүк гуманитардык диалог үчүн маанилүү аянтча болуп калганын айтты.
Сөзүнүн соңунда Мирбек Мамбеталиев ШКУга мүчө мамлекеттерди маданий кызматташтыкты мындан ары да активдүү өнүктүрүүгө чакырып, бүгүнкү жыйындын жыйынтыктары алдыдагы ШКУнун мааракелик Саммитинин чечимдеринде өз чагылдырылышын табарына ишеним билдирди.
Жыйындын алкагында министрлер биргелешкен маданий долбоорлорду ишке ашыруу, эл аралык маданий иш-чараларды өткөрүү, маданий мурастарды сактоо жана ШКУ мейкиндигиндеги гуманитардык кызматташтыкты мындан ары чыңдоо маселелерин талкуулашат.
