Бишкекте Борбор Азияда боюнча алгачкы өзгөчөлүү фестиваль болот
16 сентябрь

Бишкекте Борбор Азияда боюнча алгачкы өзгөчөлүү фестиваль болот

Фестивалдык долбоорлордун баары Бишкекте жашаган авторлор тарабынан жасалган. Алар: биринчи эмгектерин көрсөтө турган жаш сүрөтчүлөр жана тажрыйбалуу театр жаратуучулар. 

Фестивалда 13 спекталь, тарбиялык маанидеги окуялар тартууланат. Ошондой эле акы төлөнүүчү жана акысыз кечелер болот. 

“Жер – Аракет” фестивалында тартуулана турчу долбоорлордун айрымдары: 

«ВДНХ жаңырыгы» пластикалык спектакли ошол жердин элесине арналат. Дубалдардан ажырап калган аткаруучулар — ВДНХнын рухтары —айланасындагы мейкиндикти мекендеп, аны кыймыл жана үн менен толтуруп, анан көрүүчүлөрдү өздөрү уюштурган көргөзмө аянтына кирүүгө чакырат.

Ошол жердин элесине “Белек” иммерсивдүү спектакли дагы арналган. 

“Шаар борборунда “Улитка” кафесинин кароосуз калган имараты эбактан бери турат. Мен аны жандандырууну кааладым, ошондуктан көргөзмөлөрдүн алдында таасирлердин “Белек” кафеси пайда болот. Аны жашоого кайтаруу менен ошол жерге, ошондой эле көрүүчүлөргө белек жасагым келет. Бул спектакль жер жана эс тутум тууралуу. Ар бир көрүүчү менюдан 3 “тамак-ашты” тандоо менен өзүнүн уникалдуу спектаклин чогулта алат. Биздин кафедеги тамак – аш – бул карым-катыштагы ар түрдүү тажрыйба: перфоманс, инсталляция, оюн, баарлашуу ж.б.” – деп спектакль тууралуу режиссер Ася Хашем айтып берди.