
Коллекция БУУга өткөрүлүп берилет. Бишкекте уникалдуу эл аралык көргөзмө ачылат
Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Көркөм сүрөт өнөр музейинди 10-октябрда саат 11:30да «Дүйнө легендаларын бириктирген искусство» эл аралык көргөзмөсү ачылат.
Бул көргөзмө – 50 өлкөнү камтыган жана стринг-арт техникасы менен аткарылган дүйнөнүн ар кайсы бурчунан 365 көрүнүктүү инсандардын портреттерин тартуу кылган глобалдык долбоордун башталышы тууралуу жар салат.
Долбоор Кыргызстанда 30 картинаны жаратуу менен башталып, андан соң алардын бет ачары АКШда өткөрүлмөкчү. Ар бир өлкөдө команда кийинки катышуучу өлкөнүн мурасын чагылдырган тарыхый инсандардын 7 жаңы портретин жаратат.
Азамат Джаналиев жетектеген чыгармачыл топтун аракетинде жаратылган, аталган башат көргөзмөсүндө маданий биримдикти символдоштурган миңдеген жип жана мыктардын жардамы менен аткарылган 30 портрет сунушталат.
Долбоор аяктагандан кийин бүтүндөй коллекция тынчтык, кызматташтык жана маданий биримдиктин символу катары Бириккен Улуттар Уюмуна өткөрүлүп берилет.
Көргөзмө искусство аркылуу ар улуттун жана маданияттын өкүлдөрүн бириктирип, эл аралык маданий пикир алмашуу алкагында долбоордун маанилүүлүгүн баса белгилеп турат.
Көргөзмө 12-октябрга чейин ачык болот.