Кыргызстан 22-сентябрь Эл аралык "Көчмөндөр мурасынын" күнү деп жарыялоо демилгесин сунуштады
7 ноябрь

Кыргызстан 22-сентябрь Эл аралык "Көчмөндөр мурасынын" күнү деп жарыялоо демилгесин сунуштады

Кыргызстандын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев ЮНЕСКОнун Социалдык жана гуманитардык илимдер боюнча комиссиясынын жыйынында сөз сүйлөдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

2025-жылдын 6-ноябрында Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн ЮНЕСКОнун 43-сессиясынын алкагында Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Социалдык жана гуманитардык илимдер боюнча комиссиянын (SHS) жыйынында баяндама жасап, өз сөзүндө министр социалдык жана гуманитардык илимдердин адилеттүү, инклюзивдүү жана туруктуу дүйнөнү калыптандыруудагы маанилүү ролун белгилеп, бул багыттагы ЮНЕСКОнун ишмердүүлүгү тынчтыкты жана маданияттар аралык диалогду чыңдоого кошкон зор салым экенин баса белгиледи.

Кыргыз Республикасынын атынан Мирбек Мамбеталиев 22-сентябрь Эл аралык “Көчмөндөр мурасынын” күнү деп жарыялоо демилгесин расмий түрдө сунуштады.

Министр белгилегендей, бул демилге Кыргызстан үчүн эле эмес, дүйнөдөгү көптөгөн мамлекеттер үчүн да терең символикалык жана руханий мааниге ээ. Анткени көчмөн мурастар муундардын даанышмандыгын, табиятка кылдат мамилени, өз ара жардамдашуу жана маданий ар түрдүүлүккө болгон урматты чагылдырат.

«Табият менен гармонияда жашоо жана өзгөрүүлөргө ыңгайлашуу жөндөмүнө негизделген көчмөндөрдүн философиясы — туруктуу келечекти издеген азыркы дүйнө үчүн шыктануу булагы боло алат», — деп белгиледи Мамбеталиев.

Кыргызстандын демилгесин ЮНЕСКОнун 22 мүчө өлкө колдоого алган. Бул — көчмөн мурастын адамзаттын жалпы баалуулугу катары таанылгандыгын жана элдерди, континенттерди салтка урмат жана тынчтыкка умтулуу аркылуу бириктирерин далилдейт.

Министр ошондой эле катышуучуларды 2026-жылы Кыргызстанда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына чакырды. Ал бул ири эл аралык иш-чара көчмөн элдердин бай маданий мурастарын сактоого жана даңазалоого, ошондой эле туруктуу өнүгүү жана маданияттар аралык түшүнүшүүнүн принциптерин илгерилетүүгө багытталганын белгиледи.

Эл аралык “Көчмөн мурасынын” күнүн белгилөө менен бирге Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү — эл аралык кызматташтыкты бекемдөөгө жана маданият менен илим аркылуу муундар ортосундагы диалог үчүн аянтча түзүүгө өбөлгө болот», — деди министр.

Сөзүнүн соңунда Мирбек Мамбеталиев ЮНЕСКО уюмуна жана бардык мүчө мамлекеттерге кыргыз демилгесине көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, аталган демилгени бир добуштан колдоого чакырды.