Барпы атындагы Жалал-Абад облустук кыргыз драма театры 34-сезонун ачат
14 октябрь

Барпы атындагы Жалал-Абад облустук кыргыз драма театры 34-сезонун ачат

Барпы атындагы Жалал-Абад облустук кыргыз драма театры 34-театралдык сезонун 2025-жылдын 16-17-октябрь күндөрү ачат. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты. 

Белгиленген эки күндө быйылкы жылы жаңы коюлган спектаклдерди Манас шаарынын тургундарына жана меймандарына тартуулайт.

Премьера II 16-октябрь, саат 14:00дө

"Метранпаж" комедиясы

автору: Александр Вампилов

режиссёру: Станислав Касьянов

Аннотация - Жашоо тамашасы менен кызык. Спектакль жашоо бизге кыйынчылык убактылуу экенин, ар бир көйгөйдүн аягы үмүт менен жаңылануу алып келерин эскертет.

Премьера II 17-октябрь саат 14:00дө

"Нурамандын ак чатыры" психологиялык драмасы

автору: Айтбек Төлөнбаев

режиссёру: Руслан Исмаилов

Аннотация - "Ак чатыр - бул оор сыноого туш болгон, ДЦП (церебралдык шал оорусу) менен жабыркаган "Нураман" аттуу баланын тагдыры жана анын үй-бүлөсүнүн турмушун чагылдырган терең драмалык чыгарма.

Театр оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу 34-сезонду бир аз кечигүү менен ачылып жатканын билдирет.