Жалал-Абадда Эгемендүүлүк күнүнө карата гала-концерт өтөт
Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 34 жылдыгына карата негизги майрамдык иш-чаралар быйыл 2025-жылдын 30-август күнү Жалал-Абад шаарында өткөрүлөт. Ал эми 31-августта Эгемендик күнү өлкө боюнча кеңири белгиленет.
Негизги майрамдык концерт Жалал-Абад шаарында кечки саат 18:00дон түнкү 01:00го чейин уланат.
Гала-концерт көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө ээ болгон чет элдик артисттердин коштоосунда өтөт. Алардын арасында Николай Басков, Люся Чеботина, BOSSON, ОЗОДА жана Хамдам Сабиров бар.
Ал эми Кыргызстандын эстрада ырчыларынан Гулнур Сатылганова, Бек Борбиев, Бактияр Токторов, Айчурок Иманалиева, Фриман 996, Жийдеш, Нурлан Насип, Аваз Акимов, Айдана Дэка жана башкалар катышат.
Бул концерт шаар тургундарына жана меймандарга майрамдык маанай тартуулап, өзгөчө шаңда өтүү алдында турат.
