Жумгал музыкалуу драма театры Бишкекте «Сүйүү лабиринти» спектаклин койду
Маданият министрлиги
15 июнь

Жумгал музыкалуу драма театры Бишкекте «Сүйүү лабиринти» спектаклин койду

К.Акыев атындагы Жумгал музыкалуу драма театры Бишкек шаарына гастролдук сапар менен келип, Ш.Термечиков атындагы Чүй облустук музыкалык драма жана сатира театрында француз драматургу Марк Камолеттинин чыгармасынын негизинде сахналаштырылган «Сүйүү лабиринти» аттуу спектаклинин бет ачарын өткөрдү.

«Сүйүү лабиринти» – сүйүү, үй-бүлөлүк мамилелер жана салт-санаа темаларын заманбап көз караш менен чагылдырган күлкүлүү комедия. Спектаклде башкы каармандар ар кандай түшүнбөстүктөргө жана кызыктуу жагдайларга туш болуп, сүйүүнүн татаал жолдорун басып өтүшөт.

Чыгарма улуттук салттарды урматтоо менен бирге алардын турмуштагы ордун юмор жана ирония аркылуу ачып берип, көрүүчүлөргө жагымдуу маанай жана терең таасир калтырды.