Кадамжай шаарындагы «Жаштык» кинотеатрында оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө
Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясы
11 август

Кадамжай шаарындагы «Жаштык» кинотеатрында оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө

Кадамжай шаарындагы «Жаштык» кинотеатрында учурда оңдоп-түзөө жана жаңылоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынан кабарлашты.

Имараттын абалын жакшыртуу, заманбап талаптарга ылайыкташтыруу жана шаар тургундары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында курулуш иштери кызуу жүрүп жатат.

Кадамжай районунун акими Баяке ууулу Болоткан кинотеатрга барып, имараттагы курулуш жана оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Тиешелүү адистер менен биргеликте жүргүзүлүп жаткан иштердин сапатына жана аткарылышына көңүл бурулуп, белгиленген иштерди өз убагында жана сапаттуу бүткөрүү боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.

Оңдоп-түзөө иштери аяктагандан кийин «Жаштык» кинотеатры жаңыланып, шаар тургундарына жана конокторуна заманбап шарттарды түзүп берүүчү маданий жайлардын бири болот.

Учурда курулуш иштери улантылууда