Москвада улуу акындын 110 жылдыгына карата А.Осмоновдун «Менин үйүм» аттуу ыр жана поэма жыйнагынын жаңы басылышынын бет ачары өттү
23 апрель

Москвада улуу акындын 110 жылдыгына карата А.Осмоновдун «Менин үйүм» аттуу ыр жана поэма жыйнагынын жаңы басылышынын бет ачары өттү

2025-жылдын 19-апрелинде М.И. Рудомино атындагы Чет элдик адабияттар мамлекеттик китепканасында көрүнүктүү акын, драматург, котормочу, кыргыз адабиятынын классиги Алыкул Осмоновдун 110 жылдыгын белгилөөгө арналган салтанаттуу иш-чаранын алкагында акындын кайра басылып чыккан «Менин үйүм» аттуу ырлар жыйнагынын бет ачары болду болуп өттү. 

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчиси К.Боконтаев, Бишкектеги «Алыкул таануу» илимий-изилдөө борборунун жана «Алыкул Осмоновдун үй-музейинин» директору З.Асаналиев, А.Осмоновдун чыгармаларынын котормочусу, орус акыны М.Синельников, Россия Федерациясынын Жазуучулар союзунун өкүлдөрү, ошондой эле Москва шаарындагы кыргыз диаспоралык уюмдарынын өкүлдөрү катышты.

Өзүнүн куттуктоо сөзүндө Элчи Кубанычбек Боконтаев Алыкул Осмоновдун кыргыз адабиятына, поэзиясына, кыргыз элинин руханий маданиятын байытууга кошкон зор салымын белгилеп кетти. Элчи акындын чыгармачылыгы Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы кыргыз-россия союздаштык мамилелерин чыңдоого өбөлгө түзгөн чыныгы достук жана руханий жакындык сезимдери менен сугарылганын белгиледи.

М.И. Рудомино атындагы Чет элдик адабияттар китепканасынын директорунун орун басары Владимир Марков А.Осмоновдун жаңы басылып чыккан чыгармалар жыйнагы эки элдин ортосунда маданий диалогдун мындан ары бекемделишине көмөкчү болуу менен кыргыз лирикалык-эпикалык поэзиясынын бай дүйнөсүн россиялык окурмандарына жолу ачып, берет деген зор ишенимин белгиледи.

Иш-чаранын катышуучуларына акындын өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу даректүү тасма көрсөтүлүп, М.С. Щепкин атындагы, Москва Мамлекеттик лингвистикалык университеттин студенттери тарабынан акындын ырларынан көркөм окулуп, кыргыз диаспорасынын музыкалык чыгармачылык өкүлдөрү жана «Керемет» фольклордук тобу А.Осмоновдун ырларына жазылган ырларды аткарышты.