Таласта «Чыңгыз Ааламы» маданий-мемориалдык комплекси реконструкциядан өтүүдө
Курулуш министрлиги
17 апрель

Таласта «Чыңгыз Ааламы» маданий-мемориалдык комплекси реконструкциядан өтүүдө

Президенттин тапшырмасы менен Курулуш министрлиги тарабынан Талас облусунун Айтматов районундагы Шекер айыл аймагында «Чыңгыз Ааламы» маданий-мемориалдык комплексинин реконструкция жана курулуш иштери уланууда.

Объекттин курулушу республикалык бюджеттен каржыланып, сметалык наркы 150 миллион сомду түзөт. Учурда бетон куюу жумуштары жүргүзүлүүдө.

Башкы планга ылайык, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жаңы үй-музейи, заманбап кинотеатр, китепкана жана мейманкана куруу каралган.

Бул — тарыхый-маданий багыттагы ири долбоорлордун бири болуп эсептелип, өлкөнүн маданий туризмин өнүктүрүүгө багытталган.

Курулуш-монтаждоо иштеринин ар бир этабы текшерилип, «Кыргызкурулуш» мамлекеттик ишканасынын көзөмөлүндө аткарылууда.